Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Режеп Тайып Эрдоган “Сирия режими ишенимден чыкты” деди


Түркиянын премьер-министри Эрдоган расмий Дамаскты Түркиянын элчилигине чабуул койгондорду жазалоого да чакырды.

Кечээ болсо арап өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Иорданиянын падышасы Абдулла президент Ассадды кызматтан кетүүгө чакырган.

Ал арада бүгүн Сириянын оппозициялык Улуттук кеңешинин төрагасы Бурхан Галюн Москвада болду. Орус тышкы иштер министрлигиндеги жолугушуулардан кийин Галюн “Сириянын оппозициясы азыркы президент Башар Ассад менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын”, анткени аны азыркы кан төгүүлөр үчүн жооптуу деп эсептей турганын айтты.

Шейшембиде Кувейт дүйнөнү оппозициянын Улуттук кеңешин “Сириядагы жалгыз легитимдүү бийлик” деп таанууга чакырды.

XS
SM
MD
LG