Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Быйыл 6,5 миң тоннадан ашуун маңзат кармалды


Маңзатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы “Кара куурай-2011” деп аталган атайын операция жыйынтыкталганын билдирди. Агы ылайык, маңзатка байланыштуу 250дөн ашуун кылмыш катталды, 270тей киши кылмыш жообуна тартылды. Быйыл 6,5 миңден ашуун тонна маңзат алынды. 1,5 миң гектардан ашык жердеги кара куурай жок кылынды.

Кыргызстанда кара куурай негизинен Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас облустарында өсөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG