Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Казакстанда парламент таратылып, эрте шайлоо белгиленди


Казак парламентинин төмөнкү палатасы – Мажлис президент Нурсултан Назарбаевдин жардыгына ылайык таратылды, мөөнөтсүз шайлоо болсо 15-16-январга белгиленди.

Расмий “Казакстанская правда” гезитинде жарыяланган жардык боюнча, Мажлиске партиялык тизме боюнча шайлоо 15-январда өтөт, 16-январда Казакстан элдери ассамблеясына берилген орундардын ээлери аныкталат.

Казак президентинин бул жардыгы алдында, өткөн аптада Мажлистин 53 депутаты президентке парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу өтүнчү менен кайрылган.

Кат ээлери жүйө катары шайлоону экономикалык кризистин жаңы ыктымал толкуну Казакстанга келгенге чейин өткөрүп алууну аташкан.

Таратылган парламентте орундардын баарын президент Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы ээлечү. Бирок жаңы мыйзам талап кылынган 7 пайыздык чекти албаса деле парламентке экинчи партиянын кирүүсүнө жол ачат.

XS
SM
MD
LG