Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:28

Отунбаева жаштарды эски “оорулардан” сырткары болууга чакырды


Мамлекет башчысы Роза Отунбаева эгемен Кыргызстанда төрөлгөн жаш муун башкалардын пикирине кулак какпоо, улутуна, ишенимине карап мамиле кылуу сыяктуу эски “оорулардан” сырткары болушу керектигин белгилейт. Бул тууралуу ал бүгүнкү видеоблогунда айтты.

Президент өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаңы этапта ЮНЕСКОнун Декларациясында көрсөтүлгөн "Баарыбыз бирдей эмеспиз, бирок – бирдиктүүбүз" деген лозунгдун Кыргызстанда да ишке ашышы үчүн пайдаланууга аракет кылууга чакырды.

Бүгүн, 16-ноябрда жалпы дүйнөлүк коомчулук 1995-жылы ЮНЕСКОнун демилгеси менен жарыяланган Толеранттуулуктун эл аралык күнүн белгилеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG