Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Билим берүү системасындагы тилдер маселеси талкууланат


Бишкекте билим берүү системасындагы тилдер маселеси талкууланат. Бул иш-чара 28-ноябрда өтө турганын бүгүн президент Роза Отунбаева видеокүндөлүгүндө айтты. Конференция президенттик аппаратын жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракети менен уюштурулууда.

"Борбордук Азия мамлекеттеринин жаш элиталары жаңыча интеграциянын демилгечилери болсо болмок. Бул үчүн бизге мамлекеттик жана расмий тилде гана эмес, кошуналарыбыздын жана өнөктөштөрүбүздүн да тилинде сүйлөй билүүбүз зарыл", - деп баса белгилейт Роза Отунбаева.

Конференцияны даярдоонун алкагында элүүгө жакын мамлекеттин тил саясатын калыптандыруу боюнча иш тажрыйбасы каралып чыкты. Ага бир катар өлкөлөрдөн атайын эксперттер катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG