Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 184-240 чакырымы кайрадан ачылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, жол 15-ноябрда саат 09:30да бороон-чапкынга байланыштуу жабылган.
“Ош – Сары-Таш – Эркештам” жол башкармалыгы тарабынан 2 даана жүктөгүч жана 1 даана “Унимог” тазалоо иштерин жүргүзүп, саат 16:30да жол толук ачылды. (RK)
“Ош – Сары-Таш – Эркештам” жол башкармалыгы тарабынан 2 даана жүктөгүч жана 1 даана “Унимог” тазалоо иштерин жүргүзүп, саат 16:30да жол толук ачылды. (RK)