Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Таласта элдин колуна өтүп кеткен куралдын жарымы кайтарыла элек


Бүгүн Таласта жергиликтүү бийлик жана айрым бейөкмөт уюмдар былтыркы апрель окуясы учурунда элдин колуна өтүп кеткен курал-жаракты чогултуу боюнча иш-чара өткөрүп жатышат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, Бишкектен барган жана жергиликтүү күч органдарынын өкүлдөрү күч органдарынан мыйзамсыз тартылып алынган курал-жаракты кайра мамлекетке тапшырып берүү керектигин түшүндүрүп жатышат.

Былтыр апрелде Талас облусунда 512 ок атуучу курал элдин колуна өтүп кеткени айтылууда. Алардын жарымы кайтарылып берилди. Бирок анын баары жарактан чыгып калгандары. Пайдаланууга жарактуулары дагы эле элдин колунда. Милицияга расмий түрдө кайтарып бергендерге 1 миң сомдой берилет. Эгер ошол эле куралды көмүскө базарда сатса, 300 доллар берилээри айтылууда.

2010-жылдын 6-7-апрелинде Таласта бийликке каршы массалык акция уюштурулуп, элди тынчытканы барган ички иштер министри катуу ур-токмокко алынган. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG