Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Инаугурация шайлоодон үнөмдөлүп калган акчага өткөрүлөт


Шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясына 10 миллион сомдун тегерегинде акча кетет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында инаугурацияны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жетекчиси, президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев айтты. Анын билдиришинче, шайлоо бир эле тур менен жыйынтыкталгандыктан, экинчи турга деп болжолдонгон 160 миллион сом үнөмдөлүп калды. Инаугурацияга деген акча ошол суммадан алынмай болууда. Атамбаевдин президенттик кызматка расмий киришүү салтанаты өтө жөнөкөй, протоколдук тартипте Улуттук филармонияда өткөн жатат. 2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инауграциясына мамлекеттик казынадан 20 миллион сом сарпталган. 30-октябрдагы шайлоодо жеңген Атамбаевдин инаугурациясы 1-декабрга белгиленип жатат. Президенттик кызматын өткөрүп берүү иш-чарасын Роза Отунбаева анча салтанатташтырбай турган ою бар экенин бүгүн "Азаттыкка" анын парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG