"Биз өз убадаларыбызды негизинен аткардык", -деди бүгүн "Ата-Бейитте" 7-апрелде курман болгондордун күмбөзүнүн ачылышында президент Роза Отунбаева.
Президент мындан бир жарым жыл мурда жаңы бийлик "заманды оңдойбуз, коомду тазалайбыз, үй-бүлөлүк бaшкаруунун тамырын кыркабыз, криминалдык топтор жана коррупция менен чечкиндүү күрөшөбүз, акыйкат жана калыс бийлик орнотобуз" деп ант бергендерин эскерди.
Отунбаеванын айтымында, кыска убакыттын ичинде мурдагы бийликтин элдин жонунан кайыш тилген чечимдери жокко чыгарылып, "Түндүк электро", "Чыгыш электро", "Телеком" сыяктуу уурдалып кеткен стратегиялык объектилер кайра элдин менчигине кайтарылды, кырктан ашык объект улутташтыpылды.
Саясий жагынан алганда мамлекеттик түзүлүш түп-тамырынан бери өзгөртүлдү, жаңы Конституция кабыл алынды, парламенттик демократиянын негиздери түзүлдү, ачык жана эркин шайлоонун негизинде Жогорку Кеңеш шайланды. Жыл башынан ишке киришкен жаңы Өкмөт ийгиликтүү иштерди аткарууга жетишти, экономикалык абал турукташып, мугалимдердин, врачтардын, маданий жана илимий кызматкерлердин айлык акылары мурда болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү, пенсия жана жөлөк пулдардын өлчөмү жогорулады.
"Жакында өткөн президенттик шайлоо менен бир жарым жылдык өткөөл мезгил арта калып, Кыргыз мамлекети өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады деп ишенимдүү айтсак болот", -деди президент.
2010-жылдын 7-апрелинде өлкөдө бийлик алмашкан. Ошол күнү Бишкекте өткөн митингде токсондой адамдын өмүрү кыйылган. Алардын 28инин сөөгү "Ата-Бейитте" жатат. (RK)