Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Карзай Ооганстанда АКШнын туруктуу аскер базаларын орнотууга шарт койду


Х.Карзай Лоя Жырганын төрт күндүк жыйынында сүйлөп жатат, Кабул, 16-ноябрь, 2011
Х.Карзай Лоя Жырганын төрт күндүк жыйынында сүйлөп жатат, Кабул, 16-ноябрь, 2011
Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын айтымында, өлкө “көзкарандысыздыкты азыр каалайт”. Мунун маанисин Карзай бүгүн уруу башчыларынын же Лоя Жырганын жыйынындагы билдирүүсүндө чечмелеп, “АКШ түнкүсүн рейддерди жасаганды токтотушу керек, Ооганстанда мамлекеттик органдарга параллель өзүнүн структураларын түзбөшү шарт. Ошондо гана Кошмо Штаттары Ооганстанда аскерлерин узагыраак убакытка калтыра алат”, - деди.

Карзай, ошондой эле, уруу башчыларына кайрылып, талиптер менен кантип тил табышса болоорун сурады.

"Канткенде биз тынчтыкка жетебиз?, - деди президент. - Канткенде жараяны уланта алабыз? Талиптер менен сүйлөшөлүбү, боордош Пакистан мененби же дагы башка бирөөлөр менен сүйлөшүш керекпи? Бул маселелер боюнча сиздер, ооган элинин элчилери катары, өкмөткө насаатыңыздарды беришиңер керек".

Талиптер 2 миңдей делегат чогулган Лоя Жыргага чабуул болоорун эскертишкен. Ошондуктан уруу аксакалдарынын жыйыны коопсуздук чаралары күчөтүлгөн таризде өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG