Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Марио Монти Италиянын жаңы өкмөтүнүн курамын президентке сунуштады


Италиянын жаңы премьер-министри Марио Монти өз өкмөтүндө каржы министринин кызматын да аткарат. Ал еврозонада үчүнчү ири экономиканы азыркы кризистен чыгаруу боюнча өзүнүн планына колдоо табыш үчүн эки күн бою парламенттеги партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Еврокомиссиянын мурдагы мүчөсү, 68 жаштагы Марио Монти - Италиядагы абройлуу экономисттердин бири. Ал жакында реформа жүргүзүш үчүн парламентте көпчүлүктүн колдоосун таба албаган Сильвио Берлусконинин оордуна дайындалды.

Монтинин министрлер кабинетинин башкы максаты катары Италиядагы азыркы оор карыз кризисин жөнгө салуу озуйпасы аталууда.

XS
SM
MD
LG