Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Кувейтте демонстранттар парламентке күч менен киришти


Парламент имаратына кирип барган демонстранттар премьер-министр Насер ал-Мухаммед ал Ахмед ас-Сабахтын кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Бул тууралуу демонстрациянын уюштуруучуларынын бири, оппозициячыл депутат Мусаллем ал-Барак кабарлады. Демонстранттар коррупцияга байланыштуу парламентти таратууга да чакырышкан.

Демонстранттар парламент имаратына кирер алдында кечээ Кувейттин борборунда желим таяк менен куралданган полицейлер премьер- министрдин кеңсесин көздөй бара жаткан демонстранттарды күч менен кууп таратышкан. Бул окуя учурунда демонстранттардын кеминде бешөө жаракат алган.

Кувейтте акыркы айларда, парламент имараты алдында нааразылык акциялары апта сайын өтүүдө. Ага оппозициячыл мыйзамгерлер да катышып жатышат.

XS
SM
MD
LG