Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Карзай АКШ базаларынын мөөнөтү боюнча шарттарын атады


Ооган президенти Хамид Карзай бул тууралуу ооган аксакалдарынын салттык кеңешмеси - Лоя Жыргада билдирди. Карзайдын айтымында, Ооганстан АКШ менен аскерий стратегиялык өнөктөштүктү каалайт, бирок андай өнөктөштүк үчүн белгилүү бир шарттар сакталуусу керек.

Андай шарттар катары Карзай өлкөнүн бүтүндүгү камсыздалуусун, АКШ аскерлери тарабынан түнкү рейддер өткөрүлбөшүн, үйлөр тинтүүгө алынбашын атады. Ооган президенти белгилегендей, эгер Вашингтон бул шарттарды аткарса, аскерлери Ооганстанда узакка тура алат.

Лоя Жырганын кечээ башталган ишине уруу аксакалдары менен саясий лидерлер, жалпысынан 2000дей киши катышууда.

Жыйында өлкө үчүн тагдыр чечээр маселелер талкууланууда. Жыйын өтүп жаткан аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү. "Талибан" кыймылы Лоя Жырганын делегаттары жазаланарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG