Бул тууралуу Австралия парламентинде сүйлөгөн учурунда АКШ президенти Барак Обама билдирди.
Канберрада эки күндүк иш сапары менен жүргөн Обаманын айтымында, АКШнын коргонуу бюджетинин кыскарышы өлкөнүн Тынч океан чөлкөмүндөгү аскерий ролун чыңдоо пландарына таасир этпейт, кыскартуу Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн эсебинен болбойт.
Сапар учурунда Барак Обама Австралиянын премьер-министри Жулия Гиллард менен АКШнын деңиз аскерлеринен эки жарым миңди Австралиянын түндүгүндөгү аскерий базада жайгаштыруу пландарын жарыялашты.
Обама Австралияга АКШнын Гавай аралдарынан келди.
Ал жерде Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммити болгон.
Азия-Тынч океан чөлкөмү боюнча тогуз күндүк сапарда жүргөн Барак Обама Австралиядан соң Индонезиянын Бали аралында токтойт. Бул жерде ал Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн саммитине катышат. Самиттин дипломатиялык блогуна быйыл АКШ менен Орусия чакырылган.