Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Араб лигасы Сирияга кысымын күчөтүүдө


Лига Сирияга режимге каршы чыккандарды кан төгүү менен басууну токтотуп, өлкөгө байкоочулар тобунун келишине жол ачуу үчүн үч күн убакыт берди. Араб Лигасы ошондой эле Сириянын өкүлү уюмдан кетүүсүн талап кылды.

Араб лигасы уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Мароккодогу кечээги жыйынынан соң Катардын тышкы иштер министри Шейх Хамад Бен Жасем ал-Танинин билдиргенине караганда, эгер Сирия бийликтери кызматташтыктан баш тартса, режимге каршы санкция киргизилет:

- Биз адамдар Сириядагыдай жол менен өлтүрүлүшү менен келише албайбыз. Кан төгүүнү токтотуу, мындан аркы зордук-зомбулуктарга, адам өлтүрүүлөргө жол бербөө үчүн кийлигишпей койо албайбыз. Ушундан улам биз баарыбыз үчүн оор чечимди кабыл алдык. Анткени биз Сириядагы бир туугандарыбыздын каны төгүлбөөсү үчүн жоопкербиз.

Катардын тышкы иштер министри кошумчалагандай, Сирия бийликтери Араб Лигасы жиберген протоколго кол койуусу керек.

Анда Араб Лигасы демонстранттарга каршы күч колдонуу токтогонуна, танктар жана брондуу техника шаарлардан чыгарылганына, саясий айыпкерлер бошотулганына ынануусу үчүн 30-50 адамдан турган байкоочулар миссиясынын зарылдыгы жөнүндө айтылат.

Бул аралыкта кечээ Марокко менен Бириккен Араб эмираттарынын Сириядагы элчиликтери кол салууга дуушар болду. Франция жана Марокко Сириядагы элчилерин чакыртып алды.

БУУнун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталган март айынан бери 3500дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG