Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Коалиция БШК токтомуна макул эмес


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы БШКнын президенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча чечимине макул эмес. Ошондуктан коалиция сотко кайрылган. Бишкектеги 7, Ысык-Көлдөгү 15, Ош облусундагы 43 жана Жалал-Абаддагы 9 аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматын кайра текшерүү талабы коюлган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту бул арызды канааттандыруудан баш тартканын бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев айтты. 12-ноябрда БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, шайлоо өткөнүн, анын жеңүүчүсү Алмазбек Атамбаев болгонун жарыялаган. 16 талапкер катышкан президенттик шайлоо 30-октябрда өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG