Кыргызстанда дарыгерлердин шалаакылыгынан адамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирус (ВИЧ) жуккан балдардын энелерин Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кабыл алат. Жолугушуу ушул тапта башталганы жатканын кабарчыбыз маалымдады. Ага бир катар депутаттар жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү да чакырылган.
Энелердин митинги дүйшөмбүдө Ошто башталган. Кечээ алар балдары менен бирге Бишкекке келип парламент алдына митингге чыгышкан. Күүгүм киргенче турган митингчилерге бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан эмес.
Бул энелер 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу шприц менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү, 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат. Бул талаптар аткарылмайын кетпей турганын эскертишти. (ZB/KKs/TD/RK)