Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Кара-Кулжада бир адам кар көчкүдөн набыт болду


Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкүдө астында калып, ажал тапканы тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, өткөн түнү Мырзаки-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 45-чакырымдан 95-чакырымына чейин кардын оор жаагандыгына байланыштуу жол жабылган. Тазалоо үчүн техника даяр турат. Бирок кар көчкү жүрүп кетүү коркунучу болгондуктан тазалоо иштери убактылуу токтотулган.

Мындан сырткары аталган унаа жолунун 80-83-чакырымында (Көк-Көл участкасында) “Газ-66” жүк ташуучу унаасын түнкү саат 02:00 чамасында кар көчкү басып калган. Унаада болжол менен 3 адам болгон. Кар көчкү басып калган унаанын жанында УАЗ үлгүсүндөгү унаа болгон. Кар көчкүнүн кесепетинен “Газ-66” жүк ташуучу унаасынын 1 жүргүнчүсү кар көчкүнүн астында калып кеткен (Каниетов Замир 1971-ж.т., Көк-Арт айылынын тургуну). Денеси азыркы убакытка чейин табыла элек. Калган жүргүнчүлөр кар көчкүдөн жабыр тартышкан эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG