Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

Тамак-аш коопсуздугун текшерүүдөгү мүчүлүштүктөр аныкталды


Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун текшерүүдө айрым мүчүлүштүктөр бар. Мындай бүтүмгө атайын изилдөө жүргүзгөн Эл аралык соода борбордун адистери келишти. Алардын айтымында, элге сатылып жаткан кээ бир тамак-аш түрлөрү боюнча айрым мекемелердин иши бирин-бири кайталайт, ал эми кээ бир учурларда көзөмөл таптакыр жок.

Массалык түрдө тамак-аштан ууланган учурлар катталып жаткандыктан, айрым серепчилер Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугу таптакыр сакталбайт деген пикирде. Бул маселе эртең Бишкекте өтүүчү "тегерек үстөлдө" талкууланат. Жакында Бишкектин кафелеринин биринде ашка чакырылган адамдардын ондогону ууланып, ооруканага жатып калышкан. (RK)

 

XS
SM
MD
LG