Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Абдирасулова: Элдеги куралды жыйноо иши ойдогудай эмес


Мыйзамсыз түрдө элдин колуна өтүп кеткен куралды кайра жыйнап алуу иши ойдогудай жүрбөй жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кылым шамы" укутук борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, "ошондуктан бул багытта маалымат жана үгүт өнөктүгүн жайылтып, калктын калың катмарын курал-жарактарды тапшырып берүүгө үндөө керек".

Расмий маалымат боюнча, ушуга чейин мындай куралдардын кырк пайыздан ашууну гана кайтарылган.

Былтыркы апрель жана июнь окуяларынын учурунда жоголгон курал-жарактардын саны жалпысынан 1177 даананы түздү. Анын 876сы 6-7-апрель күндөрү тартылып алынса, үч жүздөн ашууну июнь коогалаңында жоголгон.

Ички иштер органдарына, мамлекеттик күзөткө, Улуттук коопсуздук комитетине, аскер бөлүктөрүнө жана чек ара бекеттерине таандык ар түрдүү курал-жарактар жана ок дарылар жоголгон болчу. Жалпысынан буга байланыштуу жыйырма беш кылмыш иши козголгон. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG