Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Сексуалдык азчылыктарды колдогон мыйзам каралууда


Сексуалдык азчылыктардын Advocate.com эл аралык маалымат булагы Кыргызстанда сексуалдык азчылыктардын укугун коргогон жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканын жазып чыкты. Анда Кыргызстандагы "Лабрис" коомдук уюмунун негиздөөчүсү Анна Кирей жаңы мыйзам боюнча кыргыз өкмөтү менен оңой тил табышууга жетишилгенин айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Света Байтикованын айтымында, бул мыйзам долбоору азыр министрликтердин макулдашуусунда турат. Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн жетекчиси Жоробай Шергазиев толук кандуу эркек жана аял болуп, жынысын же аты-жөнүн өзгөртүү шариятка каршы келген иш деп эсептейт.

Бул сыяктуу мыйзам дүйнөнүн 30дай өлкөсүндө бар экендиги айтылууда. 2009-жылы ушундай эле мыйзам Казакстанда кабыл алынып, бирок коомчулуктун катуу сынына кабылган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG