"Азаттык Медиа" бирикмесинин веб-редактору Зейнеп Алтымышова Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгиси менен сыйланды. Бул даражалуу сыйлыкты ага бүгүн аталган комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбеков тапшырды. Президент Роза Отунбаева кол койгон буйрукта сыйлык Алтымышованын Кыргызстандын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылганы айтылат.
"Азаттыктын" интернет-сайтын дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктар окушат. (RK)
"Азаттыктын" интернет-сайтын дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктар окушат. (RK)