Америка Кошмо Штаттардын бюджетин кыскартуу АКШнын Азиядагы аскердик ролун кеңейтүү планына таасир этпейт. Бул жөнүндө Канберрада эки күндүк сапарда жүргөн президент Барак Обама бейшемби күнү Австралия парламентинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.
- Биз келечектеги планда жана бюджетте бул региондо кубаттуу аскерлерди кармоо үчүн зарурат каражаттарды чегеребиз. Кошмо Штаттар Тынч океандагы мамлекет, биз бул жерде болобуз. Ырас, биз Американын Азия-Тынч океандагы коргонуу позициясын модернизация кылып жатабыз. Ал Жапония менен Корей жарым аралында бекем турушубузга кеңири жагдай түзүп, Түштүк Чыгыш Азияда туруубузду да чыңдайт.
Шаршемби күнү Австралия премьер-министри Жулия Гиллард жана Барак Обама Австралиянын түндүгүндөгү аскердик базага америкалык 2,5 миң деңиз жоокери жайгаштырыларын жарыя кылышкан.