Арап лигасынын талабына жараша Сирия үч күн арасында нааразылык акцияларын “кан төгүп басууну” токтотуп, өлкөгө байкоочуларды киргизүүсү тийиш. Сириядан ошондой эле Арап лигасындагы өкүлдөрүн чакырып алуу талап кылынды. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн Мароккодогу жыйынынан соң Катардын тышкы иштер министри Шейх Хамад бин Ясим ат-Танавинин билдиришинче, Сирия эгер Арап Лигасы менен кызматташууга барбаса, санкцияга кабылат.
Мындан бир нече саат мурда козголоңчу аскерлер Дамаскинин ныптасындагы чоң аскер базага чабуул жасаганы кабарланган.
Арап өлкөлөрүнүн жыйыны өтүп жаткан тушта ажылдаган топтор Марокко жана Бириккен Арап Эмирлигинин Дамаскидеги элчиканасына калайман салышты. Франция жана Марокко Сириядан элчилерин чакырып аларын жарыя кылышты.