Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Быйыл ооруканаларда 11 балага ВИЧ жуккан


Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Дарт Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ооруканаларда жукканын, азыр бул фактылардын баары иликтенип жатканын белгиледи.

Азыр Кыргызстанда ВИЧке кабылган балдардын саны 270ке чамалайт, алардын 180ине бул илдет ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан улам жуккан.

Балдарына ВИЧ жуккан энелер эки күндөн бери Ак үйдүн алдына чыгып, ар бир балага 1 миллион сомдон кун төлөп, бирден үй берүүнү, дарыгерлерди жазалоону талап кылып жатышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG