Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Кар көчкүдө калган адамдын сөөгү табылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Кара-Кулжада кар көчкү астында калган адамдын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, кечээ түшкө маал башталган издөө иштери кечки жетилерге жакын аяктады.

17-ноябрга караган түнү Мырзаки – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 45-чакырымдан 95-чакырымына чейин кардын оор жаагандыгына байланыштуу жол убактылуу жабылган. Көк-Көл участкасында жалпы көлөмү 6300м³ болгон кар көчкү түшүп, “Газ-66” жүк ташуучу унаасын басып калган. Анын бир жүргүнчүсү (Каниетов Замир 1971-ж.т., Көк-Арт айылынын тургуну) кар көчкүнүн астында калып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG