Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

“Уолл Стритти ээле” кыймылынын 200дөн ашуун өкүлү кармалды


Жалпысынан эки жүздөн ашуун демонстрантты камакка алган полиция Нью-Йоркто нааразылык жүрүшүнө чыккандар фондулук биржанын имаратын камалоосуна жол берген жок.

Демонстранттар Нью-Йоркто метронун 16 станциясын ээлеп, шаардын Бруклин көпүрөсү боюнча жүрүш жасоону да мерчемдешкен.

Кечээги жүрүшү менен “Уолл стритти ээле” кыймылынын активисттери өз өнөктүгү башталганынын эки айлыгын белгилешти. Алар экономикалык теңсиздикке нааразылык билдиришүүдө.

Демонстрациялар Лос Анжелес, Лас Вегас, Вашингтон, Портланд, Орегон, Сент Луис шаарларда да болду. Камоолор көбүнчө демонстранттар жолдорду торогону үчүн жүргүзүлдү.

Мындан эки күн мурда Нью-Йоркто “Уолл Стритти ээле” кыймылынын чатырлардан турган лагерин тазалаган. Нааразылыкка чыккандар жайгашкан чатырлар соңку күндөрү АКШнын башка шаарларынан да алынды. Камоолор бул окуялар учурунда да болгон.

XS
SM
MD
LG