Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Пакистандын АКШдагы элчиси кызматынан чегинүүдө


Элчи Хусеин Хаккани өз эрки менен кызматтан чегинүүгө арыз бергенин “Азаттык” радиосуна Пакистан жетекчилигинен кырдаалды жакшы билген булактар ырастады. Анын кызматтан кетүүсүн айрымдар жакында британдык Financial Times гезитине чыгып кеткен макала менен байланыштырышууда. Басылма 10-октябрдагы санында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари армияны көзөмөлдөөдө АКШнын бийликтеринин элчи аркылуу жардам суроого аракеттенгенин жазып чыккан.

Президент Зардари Пакистанда АКШнын аскер күчтөрүнүн “ал-Кайида” лидери Усама бин Ладенди мерт кылган операциясынан кийин армия анын өкмөтүн алсыз деп эсептеп, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенүүсү мүмкүн деп кооптонгон.

Пакистан президенти жардам сураган катты, Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы Майкл Малленге жолдогон жана аны жогорку даражалуу дипломат жеткирүүгө аракет кылган. Жергиликтүү басма сөз ал жогорку даражалуу дипломат катары Вашингтондогу элчи Хакканини көрсөткөн.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Financial Times басылмасындагы макаланы толугу менен жасалма деп атаган. Аны элчи Хаккани да четке каккан.

XS
SM
MD
LG