Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:03

Берлинде Меркел менен Камэрон жолугат


Британ премьер-министри Дэвид Камэрон Германиянын борборуна Брюсселде европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң келүүдө.

Анын немис канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүүлөрүнүн башкы темасы Евробиримдиктеги каржылык туруктуулукту калыбына келтирүү. Бул меселеде немис жана британ өкмөт башчыларынын туруму кайчы чыгууда.

Немис канцлеринин пикиринде, экономикалык көйгөйлөрдү жөндөө үчүн улуттук өкмөттөр ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн, анын ичинде каржы чөйрөсү боюнча да Евробиримдикке бериши керек.

Британ премьер-министри болсо ички саясий себептерден улам соңку кездери евроскептиктин турумун карманууда.

XS
SM
MD
LG