Токмок шаарында жайгашкан автоунаа ремонттоо заводунун жер төлөөсүндө Ф-1 (машыгуу) гранатасы табылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Ал жерге атайын кызматтардын, прокуратура жана милициянын өкүлдөрү, куткаруучулар барышкан. Гранатаны Коргоо министрлигинин саперлору жер төлөөдөн алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал кандайча заводдун аймагында болуп калганын учурда териштирип жатышат. Машыгуу гранаталары жарылбайт. (RK)