Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Катталбай калган эки талапкер БШКны сотко берди


Президенттикке талапкер катары катталбай калгандардын экөө - Токтайым Үмөталиева жана Калыбек Арабаев БШК менен соттошуп жатышат. Алар Боршайкомдон 100 миң сомдук күрөөнү кайтарып берүүсүн талап кылышууда. Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Күрөөгө акча коюп, бирок анык кол топтой албай калганы үчүн Үмөталиева менен Арабаев талапкер болуп катталбай калышкан болчу.

30-октябрдагы президенттик шайлоо жарыяланганда ага катышам дегендердин саны 80ден ашкан. Катталгандардын арасынан 16сы шайлоого катышты. Алардын үчөө гана - Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев шайлоочулардын 5 пайызынан көбүнүн добушун ала алганы үчүн 100 миң сому кайтарылып берилээрин БШК маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG