Хиллари Клинтонду иш сапары менен Мьянмага жөнөтүп жатканы тууралуу президент Барак Обама Индонезиянын Бали аралында, Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн саммитине катышып жаткан жеринен жарыялады. Бул АКШ мамлекеттик катчысынын Мьянма мамлекетине акыркы элүү жылда алгачкы ирет баруусу болот.
АКШ президентинин айтымында, "бир нече жылдарга созулган караңгылыктардан кийин бул өлкөдө акыркы бир нече аптада прогресстин бүлбүлдөрү" байкалууда.
АКШ мамкатчысы Бирма деген аты бар жана репрессиялар өкүм сүргөн Мьянма мамлекетине прогресс үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк канчалык экендигин көрүүгө келерки айда бармакчы.