Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Таласта кылмышка шектүүлөрдүн тарапкерлери митингге чыгышты


Талас облустук мамлекеттик администрациясынын алдында 50дөй адам катышкан митинг болуп жатат. Митингчилер "Талас Коппер Голд" компаниясынын лагеринин өрттөлүшүнө тиешеси бар деп шектелген 2 жарандын камакка алынышына каршы экенин билдирип жатышат.

Талас районунун Арал айылына жакын жайгашкан Талды-Булак кенин чалгындап жаткан "Талас Коппер Голд" компаниясынын имараты эки жолу өрттөлгөн. Биринчиси жазында болгон. Компаниянын ишин токтотуу талабын койгон жергиликтүү элдин митинги учурунда башаламандык чыгып, лагери өрттөлгөн. Анда иш тынчтык жолу менен аяктаган. Экинчи жолу 8-октябрда лагердин чатырын белгисиз бирөлөр өрттөп кетишкен. Бул кылмышка шектүү деп жергиликтүү 9 адам кармалган. Аларды суракка алууга эл мүмкүнчүлүк бербей койгон.

Алардын үчөөнү 15-ноябрда башка жерге, Бакай-Ата районуна алып барып суракка ала башташкан. Жыйынтыгында бирөөнү кое берип, экөөнү эки айга камакка алышкан. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG