Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:16

ВИЧ жуккан балдардын энелери парламентке да, өкмөткө да нааразы


"Биз коюп келаткан талаптар аткарылбай жатат", - деп билдирди "Азаттыкка" дарыгерлердин шалаакылыгынан балдары ВИЧке кабылган энелердин атын атагысы келбеген өкүлү.

Дүйшөмбүдөн бери алгач Ошто, анан Бишкекте 12 эне 8 баласы менен митинг өткөрүп келишет. Кечээ алар менен Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибеков жолугуп, төрагалык фондунан 1 миллион сом бөлүп берүүнү убада кылган. Бүгүн Жогорку Кеңеш бул акчаны катарында 187 баланын ата-энеси бар атайын фондго которуу тууралуу чечим кабыл алды.

"Бирок бул акча бир жумадан бери митинг уюштуруп жүргөн бизге, 12 баланын гана энесине убадаланган болчу да", -дейт ал.

Эненин айтымында, кечээ аларды Бишкектеги карыялар үйүнө убактылуу жайгаштырышкан. Ушу тапта аны бошотууну талап кылып жатышат. Кечээ өкмөттөгү жолугушууда вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов Оштон батир өтө муктаж болгондорго гана, ипотека боюнча берилиши мүмкүн экенин билдиргени айтылууда.

Бул энелер 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу шприц менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү, 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат.

Талаптары аткарылбай жаткандыктан, эртең кайра Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгууга даяр экени айтылууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дарыгерлердин дарегине айтылган даттануулар боюнча расмий комментарий бериле элек. (ZB/KKs/RK)

XS
SM
MD
LG