Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Караколдо ири айыл чарба жарманкеси өттү


Бүгүн Каракол шаарында айыл чарба азыктарынын жарманкеси болуп өттү. Жарманкеге Ысык-Көл облусунун баардык райондорунан келген фермерлер өзүлөрү өстүргөн жашылча-жемиштерин алып келишкен. Жергиликтүү тургундар базар баасынан арзаныраак баада каалаган нерсесин сатып ала алышты. Ысык-Көл облустук агроөнөржай комплексинин жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Жолдош Байсеитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, быйыл облус боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүү 1,6 пайызга өстү. Былтыр өндүрүлгөн продукциянын жалпы баасы 15 миллиард 500 миллион сомго жетсе, быйыл 17 миллиард 800 миллион сомду түзүүдө.(MK/RK)

XS
SM
MD
LG