Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Ала качкан жубайын өлтүргөн адам жазасын жеңилдетүүнү сурап жатат


Ала качып үйлөнгөн жубайын өрттөп өлтүргөнү үчүн сот күнөөлүү деп атаган Самат Райымбеков жазасын жеңилдетүүнү өтүнүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айкын багыт" коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди. Анын айтымында, Райымбеков буга чейин берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Самат Райымбеков жубайы Марина Султанованы 2003-жылы ала качып кеткен. Үч балалуу болушкан. Үй-бүлө кургандан тартып күйөөсүнөн ур-токмок жеп жашаган Султанованы акыры күйөөсү быйыл 30-июнда бычактап, бензин куюп, өрттөп өлтүргөнү райондук сотто далилденген. Күнөөсүн толугу бойдон мойнуна алган. Сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан.

Эми облустук сотто анын доо арызы каралат. 22-ноябрда боло турган сотто Султанованын тарапкерлеринин кызыкчылыгын жактоочу адвокаттык кызмат "Айкын багыт" тарабынан көрсөтүлөт.

Самат Райымкулов аялына бычак тийгизбегенин, аны өлтүрөйүн деген ою болбогонун, кокустук болгонун айтууда.

Ала качуунун курмандыгы болгон көптөгөн кыргызстандык келиндер күйөөлөрүнөн кордук көрүп, кээ бирлери бир ай жашап, үч ай жашап өз өмүрлөрүн өзүлөрү кыйган учурлар бар экени айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG