Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Жалал-Абад облусу кесипкөй журналисттерге муктаж


Жалал-Абад облусу кесипкөй журналисттерге муктаж. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абаддагы Басма сөз борборунун жетекчиси Союзбек Абдурасулов билдирди . Анын айтымында, акыркы жылдары аталган аймакта журналисттер кескин азайып кеткен. Буга себеп, айлык акынын төмөндүгү жана басылмалардын туруктуу эместиги. «Учурда Жалал-Абад облусунда 2 телеканал, 7 басылма болуп, аларда 30дан ашуун журналист эмгектенет. Бирок алардын көпчүлүгүнүн кесипкөйлүк деңгээли талапка жооп бербейт»- дейт Союзбек Абдурасулов. Өлкөдөгү медиа-уюмдардын тыянактары боюнча, мындан беш жыл мурун жалалабаттык журналисттер мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен эле. Учурда алардын көбү борбор калаага кетип калышкан. Айрымдары кесибин өзгөртүп, башка тармактарда иштешүүдө. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG