Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

МАГАТЭ: Ирандын ядролук программасы боюнча резолюция чыгат


Венада Атом энергетикасы боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңеши Иран өзөктүк куралга ээ болууга умтулууда деген маалыматка «терең кооптонуу» билдирген резолюциянын долбоорун талкуулоодо.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү менен Германия алдын-ала долбоордун текстин даярдаган, эми документ боюнча добуш берүү өтөт. Долбоордо «Иран менен МАГАТЭнин диалогун активдештирүү өтө зарылдыгы» белгиленет.

Ошол эле учурда Кытай менен Орусия Тегеран өзөктүк курал жасоодо деген маалыматка ишенбей тургандыгын Батыш булактары билдирет. Венадан күтүлгөн МАГАТЭнин резолюциясын адистер «катаал компромисс» катары баалашууда.
XS
SM
MD
LG