Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Консул Султан Закиров кызматтан алынды


Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Султан Закиров кызматтан бошотулганын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Буйрукка кечээ президент Роза Отунбаева кол койду.

Султан Закиров буга чейин СССРдин Монголиядагы элчилигинде вице-консул, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде, Казакстандын Алмата шаарында Кыргызстандын башкы консулу кызматтарында иштеген. 2008-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консул болуп дайындалган эле. (JAk)

XS
SM
MD
LG