Кыргызстандагы либерал жаштар клубу Жогорку Кеңеш депутаттарын "акыркы учурда медиага болгон көз артуу жана телеканалдарга болгон жеке кызыкчылыктары байкалат" деп айыптады.
Жаштар Коомдук телеканалдын байкоочу кеңешин таратууну көздөгөн мыйзамды кабыл алууга каршы пикирин билдирип, парламентке жолдогон кайрылуудан ушул күнгө чейин жооп болбогонуна нааразы. Бул тууралуу "Азаттыкка" либерал жаштар клубунун лидери Урмат Казакпаев билдирди.
Казакпаевдин айтымында Коомдук каналдын байкоочулар кеңешин таратууга эч кандай зарылчылык жок жана парламенттин “Байкоочу кеңешти мыйзамдаштырабыз” деген демилгеси туура эмес. (JAk)