Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Михаил Ломоносовдун 300 жылдыгы белгиленүүдө

Орусияда Москва университетинин негиздөөчүсү, улуу орус окумуштуусу Михаил Васильевич Ломоносовдун 300 жылдыгы белгиленүүдө. Санкт-Петербургдагы Александр Невский монастырынын чиркөөсүндө Ломоносовду эскерип, диний ибадат өткөрүлдү. Зыяпатка шаардын илимпоздор, маданият ишмерлери катышты. Чак түштө Петропавловский чебинен илипоздун урматына замбиректер кур дүрмөт ок атты.
XS
SM
MD
LG