Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

“Гуглдын” негиздөөчүсү Wikimedia коруна 500 миң доллар берди

Google компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Брин “Википедия” (Wikipedia) интернет-энциклопедиясын колдоп-өнүктүргөн “Викимедия” (Wikimedia) коруна 500 миң доллар садага берди.

Миллиардер Сергей Брин зайыбы Анна Войцицки экөө садага акчаны Брин-Войцицки фонду аркылуу жасашты. Каражат “Википедия” сайтын жарнаксыз өнүктүрүү өнөктүгүн колдоого жумшалат.

Жакында “Википедиянын” түптөөчүсү айтылган долбоорду кеңейтүү үчүн каражат жыйноо өнөктүгүн баштаган. “Википедия” - интернет дүйнөсүндөгү бешинчи популярдуу сайт. 95 адам тейлеген сайтты ар айда 450 миллион адам окуйт.
XS
SM
MD
LG