Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Муаммар Каддафинин уулу Сейф ал-Ислам кармалды


Ливиянын түштүгүндө өлкөнүн тактыдан кулатылган лидери Муаммар Каддафинин уулу Сейф ал-Ислам камакка алынды. Бул жөнүндө Ливиянын юстиция министри Ахмед ал-Алаги маалымдады.

Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн бери Сейф ал-Исламдын кайда экенин даректелбей жаткан. Каддафинин үч уулу козголоңчулардын чабуулу учурунда курман болгон, калган үч уулу жана үч кызы чет өлкөгө чыгып кетишкен.

Гаагадагы эл аралык аскер трибуналы июнь айында Сейф ал-Ислам камакка алынсын деп чечкен. Ал Ливияда февралда башталган өкмөткө каршы козголушту басуу кезинде адамзатка каршы кылмыш жасады деп шектелип жаткан.

XS
SM
MD
LG