Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:28

Cирияда зобун-зордук уланууда


Сирияда жума күнкү кагылыштарда ондон ашуун адам окко учканы маалымдалды. Муну менен президент Башар ал-Ассаддын режимине каршы сегиз айдан бери жүрүп жаткан кагылыштарда набыт болгондордун саны 3 жарым миңден ашып кетти. Расмий Дамаск кандуу булоонду "куралдуу каракчы-бандиттердин иши" деп мүнөздөөдө.

Президент Башардын өкмөтүнө жарандарга каршы зобун-зордукту токтотууну талап кылган эл аралык кысым өсүүдө. Арап лигасы анти-өкмөттүк козголоңчуларды кыруу токтотулбаса, экономикалык санкция колдонуларын эскертти. Франция Сириядагы кырдаалды БУУда талкуулоого чакырды.
XS
SM
MD
LG