Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:49

Шашылыш эскертүү: кар көчкү коркунучу бар


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-ноябрдан тарта 21-ноябрга чейин күтүлгөн жаан-чачындан улам тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана жолдордун тайгак болуусу мүмкүн экенин эскертти. Аталган министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо жана кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жол жүрүүнү токтотууну сунуштады.

16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 45-чакырымдан 95-чакырымына чейин кардын оор жаагандыгына байланыштуу убактылуу жабылган. Кар көчкү астында бир адам калып, каза болгон. (JAk)

XS
SM
MD
LG