Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Испаниялык шайлоонун жеңүүчүсү: «сыйкыр» болбойт


Испаниянын кийинки өкмөт башчысы болуп калат деп күтүлгөн Мариано Рахой өлкөнү оор экономикалык кризистен алып чыгуу жеңил-желпи болбой тургандыгын билдирди.

Кечээки шайлоодо борборчул-оңчул Популярдык партиясы абсолюттук көпчүлүктү жеңип алган Рахой бардык испандарды өлкөнүн эбегейсиз карызына жана жумушсуздуктун 21 пайыздан ашышына алып келген экономикалык дымыгууга каршы чогуу күрөшүүгө чакырды.

Популярдык партия 350 орундуу парламенттин дээрлик 190нун көзөмөлдөйт деп күтүлүүдө. Акыркы 30 жылда бир да партия Испанияда мынчалык көп санда мандат алган эмес.

XS
SM
MD
LG