Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:17

Ливияда Каддафинин башкы тыңчысы кармалды

Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешине ылайык, Муаммар Каддафинин качып жүргөн чалгын кызматынын жетекчиси тирүү кармалды.

Расмий өкүлдөргө ылайык, Абдулла ал-Сануссини Ливиянын түштүгүндө согушкерлер колго түшүрдү. Мунун алдында Каддафинин уулу Саид ал-Исламдын туткундалганы кабарлаган эле.

Экөөнү тең Голландияда жайгашкан Эл аралык Кылмыш соту быйылкы Каддафиге каршы толкундоолордогу репрессияларга байланыштуу соттоону каалар эле. Бирок убактылуу өкмөт Саид ал-Ислам Каддафини Ливиянын өзүндө соттоого ниеттенүүдө.
XS
SM
MD
LG