Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:12

Чаткал: кар көчкүдөн жабылган жол ачыла элек


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыккка” ырасташынча, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун көчкү түшкөн Красная-Горка – Акташ унаа жолу ачыла элек. Жолду тазалоо үчүн кар түрткүч оор техника тартылып, тазалоо иштери уланууда.

17-ноябрда Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 5-11-чакырымында көлөмү болжол менен 4000 метр куб кар көчкү түшүп, тазалоо иштерине байланыштуу жол убактылуу жабылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG