Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Сотторду тандоо кеңеши жаңы төрага шайлайт


Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши жыйынга чогулуп, кеңештин төрагасы Шамарал Майчиевдин өз эрки менен төрагалыктан жана мүчөлүктөн кетүү арызы жана жаңы төрага шайлоо маселелерин талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады. Мындан сырткары Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Ирина Степкичеванын жарандыгы каралмакчы.

Шамарал Майчиев 15-ноябрда өз эрки менен төрагалыктан жана мүчөлүктөн баш тарткан. Ал эми кеңештин дагы бир мүчөсү Ирэна Степкичева 1995-жылдын 21-майынан тарта Орусия Федерациянын жараны экендиги айтылган. Мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болууга Кыргызстандын жарандары гана укуктуу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG