Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу ачылды


Оштун Кара-Кулжа районундагы Мырзаки – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу кайрадан ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, кечээ саат 23:00 чамасында унаа жолдун 76-чакырымында көлөмү 2000м³ түзгөн кар көчкү түшүп, жол жабылган. Аны тазалоо үчүн ЖЭМ-26 ишканасынан 1 даана жүктөгүч тартылып, бүгүн саат 10:05те жол каттамы ачылды. (RK)

XS
SM
MD
LG